Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясы бүгүн, 30-июлда Тегеран шаарындагы парламент имаратында болуп өттү. Ага 80дей өлкөнүн лидерлери жана өкмөт башчылары катышты.
Чет өлкөлүк басылмалар жазгандай, аземде Пезешкиан расмий түрдө ант берип, кызматына киришти. Ошондой эле ал элге кайрылып, иран өкмөтү өлкөнүн бардык жарандарынын укуктарын камсыздап, ар дайым улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берерин убада кылды.
Эске салсак, кезексиз президенттик шайлоо Ирандын президенти Ибрагим Раиси май айында тик учак кырсыгынан каза болгондон кийин өттү. Анда шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында реформатор Масуд Пезешкиан консерватор Саид Жалилини жеңип чыккан.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Масуд Пезешкиандын расмий ант берүү аземине президент Садыр Жапаровдун атынан Бакыт Төрөбаев катышты.