Учурда Францияда 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндары кызуу өтүүдө. 26-июлда башталган Олимпиада оюндарына 200дөй өлкөдөн спорттун 32 түрү боюнча 10 миң 500 спортчу катышууда. SUPER.KG порталы олимпиадалык турнирдеги өзгөчө спортчуларды тизмектейт.
Кош бойлуу Нада Хафез
Египеттик Нада Хафез Олимпиада оюндарыда кыз-келиндер арасында фехтование боюнча мелдешке катышты. 26 жаштагы спортчу биринчи беттешинде жеңишке жетип, бирок кийин 1/8 финалда түштүк кореялык атаандашы Чон Хаюнгга 7:15 эсебинде утулуп калган.
Олимпиадада жеңилгенден кийин Хафез өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жети айлык боюнда бар болуп мелдешке катышканын билдирди.
"Чынында беттеште үчөөбүз болчубуз. Бул мен, атаандашым жана менин төрөлө элек балам. Балам экөөбүздө физикалык, эмоционалдык жактан да көптөгөн кыйынчылыктар болду. Мен жолдошумдун жана үй-бүлөмдүн ишенимине ээ болгонум үчүн бактылуумун", - деп жазган Хафез.
Эң улуу теннисчи
Олимпиадага стол тенниси боюнча катышып жаткан эң кары спортчу Ни Сялянь алгачы беттешин жеңүү менен баштады. Ал июнь айында 61 жашка толгон.
Спортчу 31 жаштагы түркиялык Сибел Алтынкаяны 4:2 эсебинде жеңип алган. Эми кийинки беттешин дүйнөлүк рейтингдин лидери кытайлык Сунь Инша менен өткөрөт.
Муну менен Ни Сялянь тарыхта олимпиадалык турнирди жеңүү менен баштаган эң кары спортчу болуп калды. Олимпиада оюндарында стол тенниси боюнча бир дагы улуу курактагы спортчу беттештерде жеңишке жеткен эмес.
Кытайлык жаран Люксембург курамасында 1991-жылдан бери ойноп келет. Жалпысынан Ни Сялянь алты Олимпиадага (2000, 2008, 2012, 2016, 2020 жана 2024-жылы) катышкан. Анын 1983-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунан эки алтын медалы жана үч жолу Европа чемпиону (1998, 2002-жылы) наамы бар.
Эң чоң дарбазачы
Египеттик гандболист Мохамед Али команданын эң көрүнүктүү оюнчуларынын бири. Ал өзүнүн чоңдугу менен айырмаланат. Анын бою 1 метр 90 сантиметр, салмагы болсо 100 килограммдан ашат.
Египеттин гандбол командасы Олимпиада оюндарында эки беттеш өткөрдү: биринчи турда алар Венгрияны 35:32 эсебинде жеңип, экинчисинде даниялыктарга утулуп калышты.
Спорттун эки түрүндө карьера жасаган жалгыз спортчу
Улуттук баскетбол ассоциациясынын мурдагы оюнчусу Чейз Бадингер Париж Олимпиадасында пляж волейболу боюнча да мелдешке катышты. 36 жаштагы спортчу АКШнын курама командасында ойноду.
Бадингер Олимпиадага биринчи жолу катышты. Ал Улуттук баскетбол ассоциациясында ойногон жана пляж волейболу боюнча Олимпиадага катышкан биринчи спортчу болуп калды. Ошондой эле ал спорттун эки түрүндө тең карьера жасаган жалгыз спортчу аталды.