Айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик чара көрүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү:

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп таанылып, министрликке бир катар тапшырмалар коюлду.

- Юстиция министрлигинин нотариус кызматы боюнча жүргүзүп жаткан иши жетишсиз деп таанылып, юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго нотариус тармагындагы министрликтин кемчиликтери үчүн “сөгүш” тартиптик чарасы жарыяланды;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоодо даректүүлүк маселесинде көрүп жаткан аракеттери “жетишсиз” деп таанылып, министрликке тиешелүү бир катар тапшырмалар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан