Денис Петрашов күйөрмандарына ыраазычылык билдирди

Париждеги Жайкы Олимпиадага катышкан кыргыз суучулу Денис Петрашов күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Олимпиада оюндарына үчүнчү жолу өлкөнүн атынан чыгып жатканыма сыймыктанам. Сиздердин колдооңуздар жана мени курчап турган адамдар болбосо мен муну жасай алмак эмесмин" деп жазган ал.

Белгилей кетсек, ал 31-июлга караган түнү Олимпиада оюндарында жарым финалда жарышка түшкөн. Анда спортчу 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүүдө 2 мүнөт 10 секунд 19 миллисекундда келип, жарым финалга өткөн 16 спортчунун ичинен 14-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан