Бүгүн, 1-август президент Садыр Жапаров “Кыргыз темир жолу” ишканасынын башчысы Азамат Сакиевди “Даңк” ордени менен сыйлады. Ал эми анын биринчи орун басары Роман Спасскийге Ардак грамота тапшырды.
Айта кетсек, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз темир жолунун 100 жылдык мааракесине арналган маданий иш-чара болуп өттү. Ага президент өзү катышып, жалпы темир жолчуларды куттуктады.
Белгилей кетсек, Азамат Сакиев "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп 2021-жылы 28-июнда дайындалган.