Бишкекте жилик чучугун алмаштыра турган алгачкы бейтап эртең ооруканага жатат

Эртең, 2-августта Кыргызстанда алгачкы жолу адамдын жилик чучугун алмаштыруу операциясы жасалат.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, эртең биринчи бейтап ооруканага жаткырылат.
Ушул жылдын 1-февралында алгачкы жолу акысыз бөйрөктү, ал эми 10-июнда боор алмаштыруу операциялары жасалган.
Белгилей кетсек, буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев операция үчүн бардык жабдуулар алынып, төрт бейтап даярдалып жатканын билдирген. Ошондой эле операцияга кеткен чыгымды өлкө башчы Садыр Жапаров төлөп берерин айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан