Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жилик чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операция качан жасалары белгилүү болду

Кыргызстанда жилик чучугун алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 29-июлда маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, операция 2-августта Бишкек шаарында бекер жасалат.

"Бүгүнкү күндө бардык жабдуулар алынды. Учурда төрт бейтап даярдалууда", - деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев жилик чучугун алмаштырууга 4 кишини даярдап жаткандарын, операцияга кеткен чыгымды өлкө башчы Садыр Жапаров төлөп берерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан