Борбор Азиядагы дарыгерлер үчүн атайын окуулар жыл сайын өткөрүлмөй болду

Казакстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу “KazAID” эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги Борбор Азиядагы дарыгерлер үчүн "Авиценна: Саламаттыкты сактоо” программасын ишке ашырууну улантат. Бул тууралуу "KazAID" менен Астана медициналык университетинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Жолугушууда тараптар аталган программаны талкуулап, аны жыл сайын ишке ашыруу чечимине келишти.

Программа академиялык мобилдүүлүктү колдоого жана Борбор Азиядагы медициналык билим берүү тармагында аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

"Апрель айында аталган программага Кыргызстан менен Тажикстандан 17 студент катышты. Анда Астана медициналык университетинде эки жумалык курс өттү, ошондой эле катшуучуларга шаарды таанытуу болду. Мунун баары агенттиктин колдоосу менен бекер өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан