Бүгүн, 26-декабрда Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө, Бер-Булак, Арчалы, Байтик, Кашка-Суу, Мыкан, Воронцовка айылдарында жана Жайыл районуна караштуу Ат-Башат, Айдарбек, Арал айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.
Өчүрүү электр чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоо иштери жүрүшүнө байланыштуу.