Орусиянын Мамлекеттик Думасына медицина, билим берүү жаатында жана жеткизип берүү кызматтарында эмгектенген мигранттардын айлык акысы 100 миңден ашса, иштөөгө бөгөт коюу боюнча сунушу киргизилди. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, "Справедливая Россия — За правду" фракциясынын башчысы Сергей Миронов менен анын биринчи орун басары Яна Лантратова бул мыйзам Орусиядагы орточо айлык акыдан жогорку сумманы алып жаткан мигранттарга гана колдонуларын билдирген. Алардын айтымында билим берүү жаатында өлкөнүн гана жарандары келечек муунга патриоттук таалим берип, үрп-адаттардын калыптануусуна жардам берет.
Ошондой эле мыйзамдын авторлору медицина тарамагында эмгектенип жаткан айрым чет элдик жарандардын билим деңгээли төмөн экендигин кошумчалашкан.