Парижде XXXIII жайкы Олимпида оюндары башталгандан бери ар кандай мыйзам бузуулар менен 200 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Франциянын ички иштер министри Жеральд Дарманен билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"200 адам кармалып, алардын 180и убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деген министр.
Ошондой эле ал Олимпиада өтүп жаткан маалда кылмыштуулуктун азайгандыгын белгилеп, муну коомдук жайларда укук коргоо органдарынын кызматкерлери көп болушу менен түшүндүргөн.
Белгилей кетсек, Париждеги Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин болот.