Боштондукка чыккан америкалыктарды Байден менен Харрис тосуп алды

АКШнын президенти Орусия менен туткун алмашуунун натыйжасында бошотулган жарандарын тосуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Wall Street Journal журналынын журналисти Эван Гершкович, мурдагы деңиз аскери Пол Уилан жана журналист Алсу Курмашева Мэриленд штатындагы Эндрюс авиабазасына конушту. Бошотулгандар менен президент Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис жеке жолугушту. Байден алардын мекенине кайтып келгенине кубанычта экенин билдирди.

Белгилей кетсек, алмашуу Түркиянын Анкара шаарында болуп, анда жети мамлекеттин абактарында жаткан 26 адам алмашылды.

Орусияга 10 адам өткөрүлүп берилди. Бошотулган орусиялыктарды Москвада "Внуково-2" аэропортунан президент Владимир Путин тосуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан