Канча өлкөдө Кыргызстандын диаспоралык уюмдары бар? Эмгек министрлигинин маалыматы

Бүгүнкү күндө 20дан ашык өлкөдө Кыргызстандын 199 диаспоралык уюму бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, КМШ өлкөлөрүндө 135 диаспоралык уюм бар. Алардын 124ү Орусияда болсо, Казакстанда 7, ал эми Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Украинада бирден уюм бар.
"Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора иштейт. Түркияда - 7, Германияда- 10, Италияда - 9, Улуу Британияда, Чехияда, Нидерландыда, Бельгияда жана Бенилюкс өлкөлөрүндө 2, Австрияда, Францияда, Литвада, Словакияда жана Швейцарияда 1 диаспора бар. Дагы 13 диаспоралык уюм Азия жана Чыгыш өлкөлөрүндө – Кореяда, Японияда жана Малайзияда жана ошол эле диаспоралар – Канадада жана АКШда. Африка өлкөлөрүндө Египетте бир гана диаспора иштейт" деп жазылат маалыматта.
Министрлик тарабынан диаспоралык уюмдар менен иштөө, коопсуз миграция боюнча консультация берүү, юридикалык жана башка жардамдар жүргүзүлүүдө.
Бул үчүн коомдук өкүлдөр институту түзүлгөн, алар эмгек мигранттарына консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүшөт. Анын ичинде полиция бөлүмдөрүндө, сот жана мамлекеттик органдарда алардын кызыкчылыгын көздөшөт. Бүгүнкү күндө Орусияда жана Италияда 12 коомдук өкүл бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан