Бүгүн, 2-августта Чүйдө жол кырсыктарын алдын алуу боюнча семинардык жыйын болуп өттү. Бул жөнүндө облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.
Кабарга ылайык, жыйынга президенттин Чүйдөгү өкүлүнүн орун басары Гульмира Кыштобаева, ЖКККББнын башчысынын орун басары Эмиль Жакыпов, Чүй ОИИББдин ЖКККБнын башчысы Автандил Токтоналиев жана Чүй ОИИББдин ЖКККБнын ЖКК бөлүмдөрүнүн башчылары жана айдоочулар катышты.
Иш-чара жол кырсыктарын алдын алууга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген такси кызматын лицензиялаштырууга багытталганы айтылат маалыматта.