Алып баруучу Максат Довранов менен жубайы Алтынай Манасбекова кызына жентек той өткөрүштү. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти.
2-августта өткөн тойго түгөйлөрдүн жакындары, санаалаштары күбө болгон.
Белгилей өтсөк, Довранов менен Манасбекова кыздуу болушканын 11-июнда сүйүнчүлөшкөн болчу. Алар кызына Амина аттуу ысым коюшкан.
Айта кетсек, Максат Довранов менен сүйүктүүсү Алтынай өткөн жылдын жай мезгилинде баш кошушкан.