SUPER.KG порталына Ноокат районундагы Алашан айылынын тургуну Казбек Мустапаев кайрылды. Ал 9 жаштагы кызы Аруузат Абдырахманова ак кан оорусуна чалдыгып, операциясы үчүн ири суммада каражат керек болуп жатканын айтып, элден жардам сурады.
Айтымында, кызын бир жылдан бери Бишкек шаарында дарылатып жүрөт. Эми Түркияга "Сөөк чучугун трансплантациялоо" (пересадка костного мозга) операциясына алып барышы керек.
"Көпчүлүктүн көмөгү менен кызыбыздын оорусуна шыпаа табылып калса деген изги тилек бар. Колдон келгенче жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз" деген Мустапаев операцияга 60 миң доллар керек болуп жатканын айтты.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:
+996990588010 Мбанк (Казбек Мустапаев)
+996221055474 ОПТИМА БАНК (Айзирек Султан кызы)
+79779080087 СБЕР БАНК (Казбек Мустапаев)
+996990588010 БАКАЙ БАНК (Казбек Мустапаев)
+996504922204 О ДЕНЬГИ (Айзирек Султан кызы)
+996224922204 Мбанк (Айзирек Султан кызы)