Президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Европа Бирлигинин жогорку өкүлү, Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррелди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы бүгүн, 3-августта билдирди.
Анда соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги, энергетика, транспорт жана суу ресурстары, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жапаров Европа Бирлигинин инвесторлоруна Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады.
"Өз кезегинде Жозеп Боррель президент Жапаровдун ушул жылы Брюсселдеги Европа Бирлигинин штаб-квартирасына болгон жемиштүү сапарын айтып өттү.
Ал белгилегендей, бул сапардын алкагында кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө жаңы перспективаларды ачат" деп жазылат анда.
Жозеп Боррель Европа Бирлигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.