Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн, 4-августта Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт. Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө +33…+38,
Талас жергесинде +31…+36,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +33…+38,
Ысык-Көлдө +26…+31,
Нарында +27…+32,
Бишкекте +36…+38 градус болот.