Париж-2024: Жалал-Абадда кыргыз спортчуларынын мелдештери чоң экрандан көрсөтүлөт

Жалал-Абад шаарында Париждеги Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз спортчуларынын мелдештери чоң экрандан көрсөтүлөт.
Шаардык мэриянын маалымат борбору кабарлагандай, ал үчүн Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында фан-зона уюштурулду. Анда эртеңки Олимпиада оюндарындагы кыргыз спортчуларынын мелдештери түз эфир аркылуу көрсөтүлөт.
Белгилей өтсөк, эртең, 5-августта Мээрим Жуманазарова жана Жоламан Шаршенбеков мелдешке чыгат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө болот.
Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат. Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан