5-августтан 6-августка чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 4-августта билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Селден сактануу боюнча кеңештерди шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.