Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселеси каралууда

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-декабрда  "Кумтөр" маселесин кароо башталды. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды  50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу түзүлгөн макулдашуусун талкуулап жана акыркы чечимди кабыл алышат. Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда. 
Азыркы тапта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев макулдашуу кыргыз тараптын пайдасына чечишери тууралуу маалымат берүүдө.
"Кумтөр" боюнча иш алып баруу бир нече багытта жүрдү. Биз  Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67 пайызга жеткирүүгө аракет кылдык. Коомчулукта көпчүлүк айткан улутташтыруу процессин да карап чыктык. Биргелешкен ишкана 50х50 пайыз болгондо экономикалык кызыкчылыкка жооп берет экен. Келишимдердин бир жактуу чыгып кетпеши каралды. Биз кандай гана талаш-тартыш болбосун мыйзамдуу түрдө иштеп чыгууга аракет кылдык",- деди премьер-министр өз сөзүндө.
Эске салсак, бул маселе парламентте 23-октябрда да каралып, аягына чыкпай калган. Анда өкмөт  "Кумтөр" маселесин 23-декабрга чейин карап чыгуу тапшырмасын берген. "Өкмөт ишин эптей албаса кетсин да, башкасы келип маселени чечсин деген" сунуштар да айтылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан