Бүгүн, 5-августта президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кубанычбек Боконтаев Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Улуттук банктын төрагалык кызматын башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу 24-июнда тапшырган.