Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-декабрда "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды 50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу долбоорду талкуулашууда.
Жыйынга премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү катышууда. Депутаттар макулдашуу долбоорун алып келген өкмөт башчыга сын-пикирин билдиришүүдө.
Эл өкүлү Өмүрбек Текебаев макулдашууда өкмөттүн тапшырмасы аткарылбаганын билдирди. "23-октябрда 50х50 деген чечимди четке какканбыз. Эмне үчүн биз берген тапшырманы аткарбастан кайра ошол долбоорун алып келип жатат. Биздин бирдиктүү чечимибизди караган жок. Слайдда макулдашуунун оң жактары көрсөтүлүптүр. "Центерранын" акциясы тууралуу айтып, адвокаты болуп келип жатат",- деди депутат өз сөзүндө.