Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Улуттук Жыйынынын Республика кеңешинин Эл аралык иштер жана улуттук коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сергей Алейник менен жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 5-августта Элчиликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Беларустун парламенттер аралык өз ара кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттары, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууга өз ара даярдыктар билдирилди.