Жаңы жыл майрамына байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бардык түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда ИИМдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 31-декабрда шаардагы ар бир аймак жана массалык иш-чаралар өткөн жерлерди көзөмөлдөөгө милициядагы жетекчилердин катарынан дайындалган кызматкерлер жооптуу болот. Бул күнү атайын ыкчам топтор түзүлүп, аларга элдик кошуун өкүлдөрү жардамга келет. Ошондой эле бул күнү Ош шаарына кирип-чыгууда текшерүүлөр күчөтүлөт.