Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-декабрда "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды 50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу долбоорду талкуулашууда.
ЖКнын депутаты Эркин Алымбеков: “Кумтөр” боюнча маселеде кыргыз өкмөт мүчөлөрүнүн бирдиктүү позициясы жок. Өкмөт башчы “Центерранын” авдокатына айланып кетти. Макулдашууда кыргыз тараптын кызыкчылыгы көрсөтүлгөн эмес. Бул жерде Жантөрө Сатыбалдиев “Центерранын” акцияларын айтып жатат. Мен өлкөнүн кызыкчылыгын коргой албаган өкмөттү кызматтан кетирүүнү талап кылам”,- деди сөз алган Эркин Алымбеков.