Өлкөдө туруксуз аба ырайына байланыштуу сел коркунучу бар аймактардын тизмеги жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 6-августта ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 7-8-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдырына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча төмөнкү аймактарда сел жүрүшү күтүлөт.
Алар:
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
- Чүй облусунун Жайыл, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда;
- Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда;
- Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда;
- Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда;
- Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондору.
Буга байланыштуу министрлик жарандарды сак болуп, алыскы жолго чыгууну жана тоого эс алууга барууну токтотуп турууга чакырат. Ошондой эле жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоо сел өтүүчү каналдарды тазалап, жээктерин бекемдөө зарыл экендигин эскертет.