"Хезболла" кыймылы Батыш Галилеядагы аскер объектилерине чабуул жасады (видео) 

Бүгүн, 6-августта Ливандын "Хезболла" кыймылынын учкучсуз учуучу аппараттары Батыш Галилеянын бир нече аскер объектилерине чабуул жасады. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.

Маалымдалгандай, "камикадзе" учкучсуз учактары Израилдин Нахариядагы аскер базасын жана Хайфа менен Аккодо жайгашкан аскер объектилерин талкалаган.

30-июлда Израилдин коргоо күчтөрү жогоруда аталган кыймылдын башкы баштоочусу Фуад Шукурдү жок кылганын айткан. Бир нече сааттан кийин ХАМАС саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания өлтүрүлгөн.

Израиль бул окуяларга тиешеси бар же жогун моюндаган эмес. Ал арада ХАМАС, "Хезболла" жана Иран бул кол салуулар жоопсуз калбай тургандыгын билдирген.

Өткөн дем алыш күндөрү АКШ жана Улуу Британия өлкөлөрү өз жарандарын Ливанды таштап чыгууга чакырган. Көп өтпөй мындай билдирүүнү Франция да тараткан.

"Хезболла" Батыш Галелеянын аскер объектилерине чабуул жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан