ХАМАС кыймылы жаңы саясий лидеринин атын атады

Палестиналык ХАМАС кыймылы Яхья Синварды саясий жетекчиси кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Синвар 2017-жылдан бери Газа тилкесинде аталган кыймылдын лидери болуп келген.

Белгилей кетсек, ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын ант берүү аземине катышып жаткан жеринен өлтүрүлгөн. Аны менен кошо жансакчысы да каза болгон. Ханиянын резиденциясына абадан сокку урулган.

ХАМАС бул үчүн Израилди айыптады. Израиль бийлиги палестиналык саясатчынын өлтүрүлүшү боюнча комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан