Бишкекте ата-энелер коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн Билим берүү департаменти Telegram мессенжеринде канал ачты. Бул туурасында бүгүн, 7-августта мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар тууралуу суроолорду ата-эне телеграмдагы издөө системасына “Бишкек-мектеп-бала бакча” деп кирип, андан соң каналга катталып, суроо берсе болот.
"Бул баарлашууда борбор калаанын мэриясынын Билим берүү департаментинин жана райондук билим берүү башкармалыктардын адистери мыйзамдардын алкагында кеп-кеңештерин беришет", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, борбор калаада 121 мектеп жана 111 бала бакча бар.