Араванда элдик жыйындан соң райондук милициянын айрым жетекчилери кызматтан кетти

Бүгүн, 7-августта Араван районунда жергиликтүү тургундар менен мамлекеттик органдарынын кызматкерлери катышкан жыйын өтүп, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев катышкан. Бул туурасында министрликтин мааалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуу учурунда райондук милициянын ишмердүлүүгүнө эл тарабынан сын пикирлер айтылып, айрым жетекчилердин аты аталып, ишине нааразы болушкан.
Элдик жыйын бүткөн соң Нурбек Абдиев Араван райондук ички иштер бөлүмүндө ыкчам кеңешме өткөргөн. Айтылган сын пикирлер орундуу экендигин белгилеп, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары Бегали Молдоев ээлеген кызматынан бошотулган. Ал эми кадр боюнча орун басары Уларбек Батыровго катуу сөгүш жарыяланды.
Ал эми Араван РИИБнин башчысы Мирлан Ниязалиев эмгек өргүүдө болгондугуна байланыштуу, жоопкерчилиги жумушка чыкканда карала тургундыгы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан