Кыргызстанда эми наристелер санариптик каттоодон өтөт

Өлкөдө жаңы төрөлгөн балдарды каттай турган санариптик долбоор ишке ашты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрөлгөн балдардын мамлекеттик каттоо маселесин чечкен санариптик долбоорду Санариптик өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте ишке ашырды.

Эми төрөт үйүнөн ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан