Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев эч жакка кетпөө тилкаты менен тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы кечээ, 7-августта каралган.
Буга чейин Дыйканбаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров ал 17-майда камакка алынганын, ага Бажы кызматындагы маалыматтык системаны колдонуп, товар экспорттоодо мыйзам бузган деп айып коюлганын жазып чыккан.
Эске салсак, 2021-жылдын май айында өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Азамат Дыйканбаев УКМК тарабынан кармалган.