Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди "Алтын кыран" ордени менен сыйлады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 8-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Казакстанга мамлекеттик сапар менен барган.
"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана мамилелерди өнүктүрүүгө чоң салым кошту", - деди Токаев.
“Алтын кыран” Казакстандын эң жогорку даражадагы ордени. Ал жарандарга өзгөчө мамлекеттик кызматы үчүн ыйгарылат.