Казакстан геномдук технологияларды медицина жана айыл чарба багытына колдонууда

Казакстанда геномдук технологиялар активдүү иштелип чыгып, саламаттыкты сактоодо жана айыл чарбасында колдонулууда. Бул туурасында Казакстандын тышкы иштер министрлигине караштуу инвестиция комитетинин төрагасы Габидулла Оспанкулов басылмалардын бирине маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында бул жааттагы изилдөөлөрдө Казакстан Борбор Азиядагы негизги борбор болууга умтулууда. Андыктан жеткиликтүү кызматтарды сунуш кылуу менен илимпоздордун кийинки муунун окутуу негизги багыт болуп калды.

Бул технологияларды колдонуу чөлгө айлануу сыяктуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө жана айыл чарбасын жакшыртууга жардам берет.

Учурда инвесторлордун кызыгуусу артууда. Өзгөчө араб өлкөлөрүнөн, Германия жана АКШ малекеттеринин кызматашуу сунуштары көбөйгөн. Келечекте ири долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде суутек энергиясын өндүрүү пландалууда”, - деп белгилеген Оспанкулов.

Айта кетсек, быйыл 18-июлда QazBioPharm улуттук холдингинин курамына кирген Улуттук биотехнология борборунун базасында Astana Genetic Center лабораториясы расмий ачылган. Бул багыт Казакстанда генетикалык изилдөө, медициналык генетика жана биотехнология тармагындагы олуттуу кадам болуп саналат. Долбоор генетикалык изилдөөлөр боюнча дүйнөлүк лидер BGI Group менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Толук маалымат алуу үчүн бул шилтемени басыңыз:https://economist.kg/mnenie/2024/08/08/kazakhstan-razvivaiet-ghienomnyie-issliedovaniia-dlia-rieshieniia-ekologhichieskikh-probliem-i-uluchshieniia-sielskogho-khoziaistva/

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан