Бүгүн, 26-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театрында президенттик балаты башталды. Майрамга ар облустан келген эң алдынкы окуучулар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жатак-мектептердин тарбиялануучулары чакырылышкан.
Учурда майрамдык кечени тамашакөй маскарапоз айым алып барып жатат. Анын сүйлөгөн сөздөрүн уккан, жасаган кыймыл-аракетин көргөн балдар жыргап кол чаап, кубатташууда.
Белгилей кетсек, аталган жаңы жылдык балатыга КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жана өлкөнүн биринчи канайымы Раиса Атамбаева катышууда.