Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлери Астанадагы гала-концертке катышты

Бүгүн, 8-августта президент Садыр Жапаров Казакстанга жумушчу сапарынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын достугунун жана жакын коңшулаштыгынын көп кылымдык салттарына арналган “Достук кечеси” гала-концертине катышты. Бул туурасында президенттик админстрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Азербайжандын мамлекет башчылары катышты.

Гала-концерттин алдында өлкө лидерлери көркөм сүрөт көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Маданият жана искусство ишмерлери чогулгандарга аймактын элдеринин жалпылыгын жана маданий жакындыгын ырастаган мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулашты.

Фольклордук-этнографиялык ансамблдер жана эстрада артисттери ардактуу конокторго улуттук ырларды жана элдик бийлерди аткаруу менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Кыргызстандан барган чыгармачыл делегациянын курамында республиканын эмгек сиңирген артисттери: ырчы Элнура Муктарбек, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, ошондой эле Н.Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик «Ак-Марал» бий ансамбли барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан