Жапониянын премьер-министри Казакстанга болгон иш сапарын токтотушу мүмкүн

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида жер титирөөдөн улам Казакстанга болгон сапарын токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, Астанада “Борбор Азия + Жапония” саммити өтөт. Маанилүү жыйынга облустун жетекчилери келишти.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жолугушуу онлайн режимде өтө тургандыгын жазышууда.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-августта Жапонияда магнитудасы 7,1 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер титирөө коркунучу да бар экени кабарланды.

Эске салсак, кечээ өлкө башчы Садыр Жапаров да Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарына Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан