Ош шаарынын Жапалак айылдык мечитинде жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 20-декабрдан баштап 2014-жылдын 20-февралына чейин куран окуу сынагы жүргүзүлмөкчү. Сынактын катышуучулары жаш өзгөчөлүктөрүнө карай үч китепти – Куран (Муаллим Сани, 30-пара тажуиди менен), Фикх (Ислам укугу, Ислам шариятына тиешелүү парз, ваажип, сүннөт) жана Мухаммед (САВ) пайгамбардын өмүр баянын окуу боюнча күч сынашат.
Сынактын жыйынтыгы 20-февраль күнү атайын комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат.
Алдынкы 1-2-орунду ээлеген жарандарга умра сапарына жолдомо берилет. Ал эми 3-8-орундарды ээлеген жарандарга Түркия мамлекетине саякаттап келүүгө жолдомо ыйгарылат. Сынактын 15 катышуучусуна Бишкек шаарына жолдомо берилет. Аталган сынак жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосунда өткөрүлүп жатат.