Ош шаарындагы оңдоп-түзөөгө жабылган борбордук аянтта курулуштар аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы бүгүн, 9-августта билдирди.
Маалымдалгандай, ал 31-август Эгемендүүлүк күнүндө шаардыктарга пайдаланууга берилет.
Учурда эс алуучулар үчүн атайын орундуктар орнотулуп, жарыктандырылган. Айланасы жашылдандырып, ийне жалбырактуу бар-дарактар тигилген. Ошондой эле эң негизги бөлүгү жаңы заманбап оргума курулган.
Белгилей кетсек, май айынын ортосунда шаардын борбордук аянты эки айга жабылгандыгы айтылган. Анда жалпы аянты 9000 чарчы метрде асфальт төшөө, айлана чөрөнү оңдөп-түзөө иштери жүрө тургандыгын кошумчаланган.
Айта кетсек, Бишкектин борбордук аянты да толук жабылып, курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бирок кайсы убакта шаардыктардын колдонуусуна берилээри айтыла элек.