Эртең 10-августта Горький көчөсүнүн А.Кунанбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн унаа кыймылы үчүн жабуу пландалууда. Ошондой эле 11-августта Б.Юнусалиев көчөсүнүн А.Сүйөркулов көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалып жатат.
Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, буга байланыштуу №102, 162, 175 жана 212-автобус каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлдү.