Бүгүн, 9-августта Ош шаарынын мэриясында куруучулардын кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи өттү. Бул туурасында маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, шаардын курулуш тармагында эмгектенген кызматкерлерди мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон алгылыктуу салымдарын белгиледи. Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мэриянын Ардак грамоталары тапшырылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда куруучулар күнү жыл сайын августтун экинчи жекшембисинде белгиленет.