Бүгүн, 9-август күнү катталган катуу шамал Бишкекте көп кабаттуу 4 турак үйдүн чатырын учурган. Жалпы 30 бак кулаган.Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, 4 унаа жабыркап, ошондой эле 1 турак жайдын, 1 чайхананын чатырын учурган.
"Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес жана жабыркагандар жок.Учурда министрликтин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кулаган бак-дарактар жашылдандыруу кызматы тарабынан тазаланууда. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, ӨКМ Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал боло тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан.