Бүгүн, 26-декабрда Опера жана балет театрында Президенттик балаты өтүүдө. Кечеде КРнын президенти Алмазбек Атамбаев балдарды Жаңы жылы менен куттуктады.
"Урматтуу жаш мекендештерим, бүгүнкү майрам атайын силер үчүн даярдалган. Силер биздин келечегибизсиңер. Эч качан үмүтүңѳрдү үзбөгүлө. Менин бала чагым абдан оор өткөн. Агаларымдын кийимдерин кийип өскөнмүн. Бирок мен ишенгем, үмүтүмдү үзбөгөм. Ишенгиле, силер да кыялыңарга жетесиңер. Жаңы жылыңар менен!"- деп балдарга илгери үмүт, жагымдуу маанай каалады.