Париж-2024: Мунарбек Сейитбек уулуна секундант табылды

Париждеги Олимп оюндарынын алкагында бокс боюнча финалдык беттешке чыкчу кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов секундант болуп чыгат. Ал бокс боюнча эл аралык спорт чебери.

Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча 11-августка караган түнү саат 01:45те башталат.

Кыргыз мушкери тарыхый беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоков менен мушташат.

Белгилей кетсек, буга чейинки беттештерде секунданттык милдетти бокс боюнча өзбек тренери Акмал Хасанов аткарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан