Ташполот Балтабаев: "Сөздү көп сүйлөп, аз иш кылган өкмөт экенин көрдүк"

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-декабрда  "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды  50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу даярдалган долбоорду талкуулашууда.  

Депутаттар КРнын Өкмөтүнө караштуу Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын башчысы Юруслан Тойчубековдун Кыргызстандын үлүшү 67 пайызга жетпей калгандыгы тууралуу маалыматын угуудан баш тартышты. 

Депутат Ташполот Балтабаев “Сөздү көп сүйлөп, аз иш кылган өкмөт экенин көрүп жатабыз. Өкмөт так жооп бербей жатат. Мындай болсо жаңы жылга чейин чечпейбиз” деп билдирди.

Өмүрбек Текебаев Юруслан Тойчубкеовго карйылып: “Сиз мага 67 пайызды алып кетсе болот деп 1 ай мурун айтпадыңыз беле. Азыр бүт жоопкерчилигим менен жеткире албадык деп башканы айтып жатасыз”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан