Исмаил Исаков: "Өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткарган жок"

Өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткарган жок. Бул туурасында депутат Исмаил Исаков бүгүн, 26-декабрда жыйында билдирди.

Ал “23-октябрда Жогорку Кеңеш токтом чыгарган. Анда Өкмөттүн “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүүсү айтылган. Эмне үчүн ага жеткен жоксуңар?” деп өкмөт башчыга суроо узатты.  

Анын суроосуна өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Эгер Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан ашса, анда алар 2009-жылкы келишимдин негизинде сотко беришерин билдиришти. Мындан улам биз “50х50” деген келишимди жакшыртуунун үстүндө иштедик. Өкмөт 67 пайызга жете алган жок” деп жооп берди.  

Өкмөт башчынын жообун уккан Исаков “Эгер өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун аткарбаса, анда өкмөт кетсин деген тыянак чыгарсак болот” деп сөзүн жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан