УКМК издөө жарыялаган казакстандык ишкер Ясынжан Таировго таандык болгон “Симирам” эс алуу борборунун директору Самат Азаров кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматты Бишкектин Октябрь райондук сотунан да тастыкташты.
Райондук сотто Самат Азаровдун бөгөт чарасы 25-июлда каралып, ал 4-сентябрга чейин тергөө абагына киргизилген.
Азаров 23-июлда Ысык-Көлдө кармалган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-августта УКМК казакстандык ишкер, Ысык-Көл районундагы “Симирам” эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыяланганын билдирген.