Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, "Симирам" эс алуу борборунун ээси Таиров Ясынжан Ниязович изделүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, Таиров Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз аракеттерин, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп колдоо алуу максатында Кыргызстан аймагында биргелешкен бизнес долбоорлорду жүргүзүү үчүн аны менен байланыш түзгөн.
"Мындан тышкары Таиров "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбектин кылмыш ишин каржылоо максатында ага 200 миң доллар бергени аныкталган. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүнө алардын эс алуусун уюштуруу үчүн коттедждерди жана номерлерди туруктуу негизде берип турган.
Маалыматтарга караганда, Таиров Камчы Көлбаевге ар кандай майрамдык салтанаттарды жана иш-чараларды өткөрүүдө дайыма көңүл буруусун көрсөтүп, кымбат баалуу белектерди берип турган", - деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат Ясынжан Таиров менен "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбектин жолугушуулары Чолпон-Ата шаарында, Камчы Асанбекке жана ага аффилирленген жактарга таандык болгон "Барс" комплексинин аймагында өткөнүн билдирди.
Чогултулган материалдардын негизинде Таировго карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу чарасы тандалып алынган. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана Интерпол Улуттук Борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.