Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеште “Кумтөр” маселеси каралып жатат. Анда сөз алган КРнын Башкы прокурору Аида Салянова “бүгүнкү күндө "Кумтөр" кенин иштетүүдөгү экологиялык эреже бузууларга байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 206-273-274 жана 275-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон” деп билдирди.
Анын айтымында, кылмыш иштери жыйынтыкталган соң, мыйзам бузууларга жол берген жана ага катыштыгы бар жактарга карата юридикалык баа берилет.